2024-12-05
2024-жыл 05-декабрь саат 16:15до Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин 228-семинарлар салонунда Эрзурум Ататүрк университети, Казым Карабекир педагогика факультетинин жалпы билим берүү бөлүмүнүн башчысы проф., док. Өмер Йылардын «Фольклор менен тарбиянын байланышы» аттуу семинары болуп өттү. Семинарда тарбия жана билим берүүдө фольклордун тийгизген таасири жана аны пайдалануунун мааниси тууралуу маалымат берилди. Семинардын акырында угуучулар менен суроо-жооп иретиндеги талкуу орун алды.