2024-12-12


Проф., док. Лайли Үкүбаеванын «Ч.Айтматовдун романдарында фантастикалык сюжеттердин көркөм функциясы» аттуу семинары болуп өттү.


2024-жыл 12-декабрь саат 16:15до Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин 229-чогулуш салонунда проф., док. Лайли Үкүбаеванын «Ч.Айтматовдун романдарында фантастикалык сюжеттердин көркөм функциясы» аттуу семинары болуп өттү. Семинарда жазуучунун романдарындагы фантастикалык сюжеттердин аткарган көркөм функциясы тууралуу кызыктуу баяндамасын сунду. Семинардын акырында угуучулар менен суроо-жооп иретиндеги талкуу орун алды.