2025-02-27


Проф., док. Озан Йылмаздын «Классикалык түрк поэзиясында астрономия» аттуу семинары болуп өттү


2025-жылдын 27-февраль күнү саат 16:00до Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин 228-чогулуш залында, профессор, доктор Озан Йылмаздын «Классикалык түрк поэзиясында астрономия» аттуу семинары болуп өттү. Семинарда классикалык түрк поэзиясында акындардын астрономиялык маалыматтарды ырларында колдонушу жөнүндө кызыктуу маалымат берди. Семинардын акырында угуучулар менен суроо-жооп иретиндеги талкуу орун алды.