2025-11-13
2025-жылдын 13-ноябрь күнү саат 15:00до Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин 228-чогулуш залында, Кырыккале университетинин доц.м.а., PhD Хавва Өзер Хафчынын “Танзимат адабиятынын саясий жана маданий негиздери” аттуу семинары болуп өттү. Семинарда танзимат адабиятына негиз салган ар кандай саясий жана маданий окуялар жана алардын адабиятка тийгизген таасири жөнүндө кызыктуу маалымат берди. Семинардын акырында угуучулар менен суроо-жооп иретиндеги талкуу орун алды.
.jpeg)


.jpeg)