2025-12-16
Сүйүнчү! Сүйүнчү!
Бөлүмүбүздүн бүтүрүүчүсү Жолдубек Качкынбаевдин “Батперек” аттуу повести жарыкка чыкты. Повестте учурда миӊдеген кыргыз үй-бүлөсү тушуккан миграциянын оор изи, эне-баланын ортосундагы сагыныч, кусалык баяндалат. Чыгармада мигранттын алты жашар уулу Бектурдун ага-жеӊесинин колунда калып, алардан көргөн зордук-зомбулугу көркөм сүрөттөлгөн. Каарман туш болгон кырсык бул үй-бүлөнүн жашоосун түп-тамырынан өзгөртөт. Каарман кандай кыйынчылыктарды көрөт, үй-бүлө тагдырдын кандай сыноосуна туш болот аны окурман китептен окуп биле алат.
Жолдубек Качкынбаев түркология бөлүмүн 2021-жылы, магистратурасын 2023-жылы бүтүргөн. Учурда Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы адабият институтунун аспиранты.
Жолдубек Качкынбаевди эӊ алгачкы китебинин жарыкка чыгышы менен куттуктайбыз! Калеми курчуп, дагы мыкты чыгармаларды жаратуусуна тилектешпиз!
“Батперек” повести окурмандарынын китеп текчесинен өз ордун табышына тилектешпиз!

