2025-12-17


Өзбекстандык окумуштуулар биздин кафедрада лекция окушту


2025-жылдын 4-6-декабрь күндөрү аралыгында Өзбекстандын Бухара мамлекеттик университетинин өзбек тили жана адабияты кафедрасынын проф., док. Хилола Сафарова, проф., док. Марифат Ражабова, проф. док. Зилола Амонова жана Өзбекстандын Азия эл аралык университетинин өзбек тили жана адабияты кафедрасынын проф., док. Шоира Ахмедова Нематовна студенттерибизге «Алишер Навоинин поэтикасы», «Фитра жана жадид адабияты», «Насими жана өзбек адабияты» жана «Адабий сындын жанрдык түзүлүшү жана тарыхый өнүгүү процесси» темаларында лекция окушту.

Биз өзбек профессорлорубузга билим берүү процессибизге кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары дагы мекемелерибиздин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кубанычта экенибизди билдиргибиз.