2026-01-23


Түркология бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Мүзеййен Иналөздүн балдарга арналган “Кыздар да МАНАС айта алабы?” аттуу чыгармасы жарык көрдү


КТМУнун Гуманитардык факультетинин Түркология бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Мүзеййен Иналөздүн балдарга арналган “Кыздар да МАНАС айта алабы?” аттуу чыгармасы жарык көрдү. Бүтүрүүчүбүз бул чыгармасын 7–12 жаштагы балдарга арнаган.

Мүзеййен Иналөз 2021-жылы КТМУнун Түркология бөлүмүн бакалавр даражасында, 2023-жылы магистратураны аяктап, Салыштырма балдар адабияты багыты боюнча магистр даражасын алган.

Бүтүрүүчүбүз 2017-жылы Манас дастанын айтууга арналган таймашта жогорку ийгиликке жетип, ошол учурда топтогон тажрыйбасын балдар адабиятына ийгиликтүү алып келди.

Аңгемеде тогуз жаштагы Акылайдын эң чоң кыялы – чыныгы манасчы болуу. Бирок бул жол терең тамырланган көз караштар, татаал суроолор жана зор кайраттуулукту талап кылган сыноолорго бай. Чоң атасы менен бирге чыккан дастандык сапарда Акылай Манас дастанынын сыйкырдуу дүйнөсүн ачат. Ал манасчы ким экенин, тарыхта из калтырган улуу манасчыларды жана манасчылык салтын тааныйт. Ошондой эле өз маданиятына ээ болуунун, салт-санаанын күчүн сезүүнүн маанисин түшүнүп, аялзаты да дастанга үн бере аларын аңдайт.

“Кыздар да МАНАС айта алабы?” чыгармасы Манас дастанын таанытуу менен гана чектелбестен, кыргыз элинин бай маданиятын, үрп-адаттарын, улуттук кийимдерин жана ата журттун рухун балдарга жеткирет. Түрк дүйнөсүнүн балдарына маданий мурас аң-сезимин калыптандырууну максат кылган бул чыгарма жалпы баалуулуктарыбызды сактап, келечекке өткөрүүнүн маанилүү кадамы катары өзгөчөлөнөт.

Бүтүрүүчүбүздү бул баалуу эмгеги менен куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалайбыз.