2026-01-23


Биздин бөлүмдүн Кыргызстан Жазуучулар Союзуна иш сапары


2026-жылдын 21-январында бөлүм башчыбыз доц. PhD Халит Ашлар жана окутуучубуз, фил.ил.канд., доцент Таалайбек Абдиев Кыргызстан Жазуучулар Союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев мырзанын кеңсесинде болушту. Сапар учурунда бөлүмүбүз тарабынан 2026-жылдын 26-27-мартында уюштурулуп жаткан "Салижан Жигитов жана адабият" симпозиумуна акыркы даярдыктар талкууланды. Мындан тышкары, келечекте Түркология бөлүмү менен Кыргызстан Жазуучулар Союзунун ортосундагы биргелешкен иш-чаралар жана кызматташуулар боюнча пикирлерлер айтылды. Салижан Жигитовдун бардык чыгармаларын чогултуп, алты том кылып басып чыгарган акын жана жазуучу Нуралы Капаров да Түркология бөлүмү Саликан Жигитовду ушундай маңыздуу иш-чара менен эскерип жатканына канааттанганын билдирип, симпозиумдун ийгиликтүү өтүшүнө колдоо көрсөтө турганын билдирди.