2026-02-05


Түркология бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү окурмандары менен жолугушту


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетинин Түркология бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү 2026-жылдын 3-февралында уюштурулган маектешүү жана кол тамга күнү иш-чарасында окурмандары менен жолугушту.

228-номерлүү жыйындар залында өткөн иш-чарага Түркология бөлүмүнүн башчысы, доцент, PhD Халит Ашлар, бөлүмдүн окутуучулары жана студенттер катышты.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн Түркология бөлүмүнүн башчысы, доцент, PhD Халит Ашлар адабият адамдын ой жүгүртүүсүн байытып, маданий эс-тутумду сактап, коомдордун ортосунда көпүрө түзгөн маанилүү тармак экенин белгиледи. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн адабият дүйнөсүндө чыгармачыл инсан катары орун алышы сыймык экенин айтып, жаш калемгерлерге ийгилик каалады.

2021-жылы Түркология бөлүмүн бүтүргөн Мүзеййен Иналөз жана Жолдубек Качкынбаев жазган чыгармаларын студенттерге тааныштырып, жазуучулук жолундагы тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

«Кыздар да Манас айта алабы?» аттуу балдар китебинин автору Мүзеййен Иналөз өз сөзүндө балдар адабиятынын маанисине токтолуп, балдарга арналган чыгармалар аркылуу маданий баалуулуктарды жеткирүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

«Батперек» аттуу китептин автору Жолдубек Качкынбаев болсо чыгармасынын жаралуу процессин баяндап, китептин сюжетине жана негизги темаларына токтолду.

«Манас» дастанын камтыган балдарга арналган аңгеме менен «Батперек» аттуу повест студенттер тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынды.

Эки автор тең иш-чаранын уюштурулушуна колдоо көрсөткөн Түркология бөлүмүнүн башчысы, доцент, PhD Халит Ашларга жана бакалаврдык жана магистрдик билим алуу учурунда сабак берген окутуучуларына ыраазычылыктарын билдиришти.

Суроо-жооп форматында уланган иш-чарада адабият, жазуучулук процесси жана чыгармалардын жаралуу баскычтары тууралуу кызыктуу жана таалимдүү маек болду. Программа кол тамга коюу иш-чарасы менен жыйынтыкталды.