2026-02-16


Студенттерибиз Аалы Токомбаевдин мемориалдык үй музейине барышты


Бөлүмүбүздүн 3-курсунун студенттери 2026-жылдын 6-февраль күнү Аалы Токомбаевдин мемориалдык үй музейине барышты. Түркология бөлүмүнүн студенттери үчүн жазуучунун адамдык портретин жана чыгармачылык жолун терең өздөштүрүүгө жардам берген бул саамалыкта студенттерге музей кызматкерлеринин кызыктуу таанытымы жана сүрөт көргөзмөсү өзгөчө таасир калтырды.