2026-04-15


"Салижан Жигитов атындагы аңгеме жана ыр" сынагында жеңишке жеткен студенттерге сертификат тапшырылды



2026-жылдын 14-апрелинде Түркология кафедрасында биздин кафедра тарабынан уюштурулган "Салижан Жигитов атындагы аңгеме жана ыр" сынагында жеңишке жеткен студенттерге сертификат тапшырылды. Үй-бүлөлүк чогулуш маанайында өткөн иш-чарага Түркология бөлүмүнүн башчысы доц. док. Халит Ашлар, доц. док. Таалайбек Абдиев, окутуучу Мухиттин Гүмүш жана окутуучу Чынар Жылкычиевадан турган баалоо комиссиясы жана бөлүмдүн окутуучу курамы катышты. Студенттерге сынакка катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирилип, иш-чара сүрөткө түшүү менен аяктады.