2026-04-28
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгына ылайык 2026-жылдын 15-апрелинде И. Арабаев атындагы КМУда «Ааламдашуу доорунда улуттук аң-сезим жана руханий мурас» аттуу ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул конференцияга КМУнун илим жана инновациялар боюнча проректору Айгул Чалданбаева, жогорку окуу жайлардын профессор-окутуучулар курамы, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин, Ж. Баласагын атындагы КУУнун, Ош мамлекеттик университетинин, К. Карасаев атындагы БМУнун, И. Ахунбаев атындагы КММАнын, Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун студенттери жана Кытай Эл Республикасынан келген студенттер катышышты.
Конференциянын пленардык жыйынында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Түркология бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Кенжегүл Акылбекова «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» жана жеке өнүгүүнүн философиясы аттуу темада баяндама жасады. Баяндамада улуттук дем жаштар үчүн руханий багыт катары каралып, анын негизинде жеке өнүгүүгө жетишүүнүн жолдору көрсөтүлдү. Ошондой эле кыргыз элинин руханий мурасы, өзгөчө “Манас” эпосу мисал келтирилип, улуттук баалуулуктар менен дүйнөлүк өнүгүүнүн ортосундагы гармония ачып берилди. Баяндамачы улуттук иденттүүлүктү сактоо аркылуу гана инсан дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлө аларын белгилеп, жаштарды өз баалуулуктарын унутпай, заманбап билим менен айкалыштырып өнүгүүгө чакырды.
Жыйынтыгында, катышуучулар тарабынан баяндама жогору бааланып, улуттук руханий баалуулуктарды даңазалоо жана жаштардын аң-сезимин өнүктүрүүдөгү актуалдуу тема катары белгиленди.
Конференциянын катышуучулары ааламдашуу жана санариптешүү доорунда улуттук баалуулуктарды сактап калуу үчүн жаштардын критикалык аң-сезимин өстүрүү жана заманбап технологиялык процесстерди терең түшүнүү зарыл деген бирдиктүү жыйынтыкка келишти. Конференциянын аягында уюштуруучулар тарабынан студенттерге сертификаттар ыйгарылды.
