2026-09-25
Бөлүмүбүз тарабынан үзгүлтүксүз уюштурулуп, студенттерибиздин кызыгуусу менен өткөрүлүп келген «Түркология семинарлар» сериясынын дагы бири өткөрүлдү.
24-сентябрь, бейшемби күнү Кырыккале университетинин Гуманитардык жана коомдук илимдер факультетинин Түрк тили жана адабияты бөлүмүнүн окутуучусу, доцент, доктор Ышылай Пынар Өзлүктүн «Жоогазын доорундагы маданият жана адабият» аттуу семинары болуп өттү.
Семинарда Жоогазын дооруна таандык искусство, маданият, архитектура жана башка тармактардагы өзгөчөлүктөргө басым жасалып, ошол доордун көрүнүктүү акындары жана жазуучулары тууралуу маалымат берилди.
Семинарга бөлүмүбүздүн студенттери жана окутуучулары катышты. Студенттер тарабынан чоң кызыгуу жараткан семинар ыраазычылык грамотасын тапшыруу менен жыйынтыкталды.

.jpeg)