2026-09-25
25-сентябрь, жума күнү бөлүмүбүз тарабынан «Жусуп» тасмасынын сценаристи, журналист жана университетибиздин окутуучуларынын бири Бакыт Орунбеков менен жолугушуу уюштурулду.
«Улуттук лидер Жусуп Абдрахманов» аттуу темада өткөн жолугушууда алгач Жусуп Абдрахмановдун өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу сөз болду. Андан соң суроо-жооп бөлүгү өткөрүлүп, эң мыкты суроо берген студентке китеп белекке берилери айтылды.
Иш-чарага бөлүмүбүздүн студенттери жана окутуучулары катышты. Жолугушуу соңунда жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

.jpeg)

.jpeg)