2026-10-01


«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү» белгиленди


22-сентябрь, шейшемби күнү бөлүмүбүз жана Филология бөлүмү тарабынан «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү» белгиленди.

Иш-чаранын ачылышында Түркология бөлүмүнүн башчысы доц., докт. Халит Ашлар жана Филология бөлүмүнүн башчысы проф., докт. Чолпон Найманова куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Андан соң КТМУнун ректорунун орун басары проф., докт. Исмет Алтынташ жана Гуманитардык факультеттин деканы проф., докт. Алпаслан Ашык сөз сүйлөштү.

Сүйлөгөндөр өз сөздөрүндө кыргыз тилинин баалуулугуна жана анын түрк тил мурасынын маанилүү бөлүгү экендигине басым жасашты.

Андан кийин Түркология жана Филология бөлүмдөрүнүн окутуучулары тарабынан баяндамалар жасалды. Иш-чаранын жүрүшүндө Алтынбек Исмаилов жана Жылдызбек Турсунбаев кыргыз тилинин маанилүүлүгүн даңазалаган ырлардан көркөм окушту.