2026-10-08


Кош келдиң, 1-курс!


7-октябрь шаршемби күнү бөлүмүбүздө салтка айланган «Кош келдиң, 1-курс!» аттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Түркология бөлүмүнүн студенттери ыр окуп, бий бийлеп, ырдашты. Мындан тышкары, биздин бөлүмдүн студенттери менен бирге Кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери да иш-чарага активдүү катышты.

Түркология бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери тарабынан уюштурулган иш-чара сүрөткө түшүү жана тамак-аш тартуулоо менен жыйынтыкталды.

Быйыл биздин бөлүмгө жана Кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнө кабыл алынган бардык студенттерибизге ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайбыз! Университеттеги студенттик жашооңуздар кызыктуу, бактылуу жана ийгиликтүү болсун!