2026-10-19


Бөлүмүбүздүн окутуучусу фил.и.к., доц. Таалайбек Абдиев Тогуз-Тородо республикалык илимий-тажрыйбалык конференцияга катышты


2026-жылы 17-октябрда Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгына арналган «Тогуз-Торо тогуз жолдун тоомунда: тарых, маданият жана коомдук өнүгүү» аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болду. Анда бөлүмүбүздөн доц., др. Таалайбек Абдиев «Тогуз-Торонун айрым топонимдери жөнүндө» деген темада баяндама жасады.