2026-10-28
2026-жылдын 27-октябрь күнү саат 16:00до Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин 228-чогулуш залында, PhD Зарина Жалбиеванын “«Ырк битигдеги» айрым сөздөрдүн азыркы кыргыз тилиндеги абалына анализ” аттуу семинары болуп өттү. Семинарда “Ырк битиг” тарыхый жазмасындагы айрым сөздөрдүн азыркы кыргыз тилиндеги абалы тууралуу кызыктуу маалымат берди. Семинардын акырында угуучулар менен суроо-жооп иретиндеги талкуу орун алды.

