2026-11-13


Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондуна таанышуу сапары уюштурулду


2026-жылдын 30-октябрь күнү бөлүмүбүздүн 3-курсунун студенттери үчүн Кыргыз улуттук илимдер академиясына (КР УИА) атайын иш сапар уюштурулуп, студенттер илимий мекемедеги кол жазмалар фондунун ишмердүүлүгү жана уникалдуу мурастары менен жакындан таанышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө академиянын илимий кызматкерлери баалуу кол жазмалар, сейрек кездешүүчү тарыхый булактар, элдик оозеки чыгармачылыктын алтын казынасы жана аларды сактоо шарттары тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле, кол жазмаларды калыбына келтирүү (реставрациялоо) жана санариптештирүү багытында жасалып жаткан акыркы илимий иштер көрсөтүлдү.

            Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондунун кызматкерлерине тереӊ ыраазычылык билдиребиз.