2021-жылдын 04-05-ноябрь күндөрү гуманитардык факультеттин батыш тилдери бөлүмү жана Түркиянын Эрзурум шаарындагы Ататүрк университетинин гуманитардык факультети, Америка маданияты жана адабияты бөлүмү биргеликте уюштурган «Тил, адабият жана маданияттын заманбап тенденциялары жана келечеги» аттуу I эл аралык илимий онлайн конференциясы болуп өттү. Конференцияга Румыния, Россия, АКШ, Камерун, Кот-д'Ивуар Республикасы, Индия, Словакия, Тунис Республикасы, Казакстан, Нидерланды, Турция жана Кыргызстан сыяктуу он эки өлкөнүн өкүлдөрү катышышты. Конференциянын жүрүшүндө окумуштуулар, изилдөөчүлөр, мугалимдер, аспиранттар, магистранттар жана студенттер тил, адабият жана маданият тармагындагы жаңылыктар, тенденциялар жөнүндө кызыктуу билдирүүлөрдү жасашты.