“Манас” - эң жаңы жана заманбап билим берүү технологиялары, китепканалары, э- китепканасы, интерактивдүү окуу аудиториялары, студенттик клубдары менен үзгүлтүксүз билим берүүгө жана инсандык өнүгүүгө жол ачат.
“Манас” - ар кыл тармактагы 85 лабораториясы, интерактивдүү окуу аудиториялары, өлкөнүн бардык булуң-бурчуна тегиз тараган радио жана телестудиялары, заманбап университеттин талаптарына жооп берген техника жана технологиялык инфраструктурасы аркылуу билим берүү иштерин алып барат.
“Манас” - студенттер орток маданият баалуулуктарына жуурулушуп, бири-бири менен ымалада өзүн көрсөтүү социалдык иш-чараларына катышуу, эң алдыңкы жана заманбап инфраструктуранын негизинде сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
“Манас” - студенттерге билим берүүдө эл аралык маркага ээ, абройлуу жана белгилүү университетте билим алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.
“Манас” - студенттерине алгач ирет түрк дүйнөсүнө таандык өлкөлөр менен бирге 13 өлкөдөн 22 тектеш элдин жаштары менен чогуу сапаттуу жогорку билим алууга жана өмүр бою бекем мамиле жана байланыштарды түзүүгө өбөлгө түзөт.
“Манас” - ачык жана жабык спорт аянтчаларында жаа атуу, көк бөрү сыяктуу салттуу спорттун түрлөрү менен катар эле ар кыл спорт оюндарына кызыккан жана музыка, бий, графика сыяктуу искусство түрлөрүн үйрөнгүсү келген студенттерибизге бардык шарттарды тартуулайт.

"МАҢКУРТ” БОЛУП КАЛБАШ ҮЧҮН КААДА-САЛТЫБЫЗГА ЫНАК БОЛУУ

Жаңылыктар


Нооруз көркү "Манаста"

21-март Нооруз майрамы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде чоң шыктануу менен белгиленди. Чыңгыз Айтматов атындагы кампуста жайгашкан ректораттын ал...

27.03.2024

Иш-чаралар

Өзүнө ишеними бекем, изилдөөчү, жаңычыл, ишкер студенттер.

Студенттик баракчаларыбыздан жана социалдык медиа тармактарыбыздан терең маалымат алсаңыздар болот.

Университет жөнүндө


Кыргыз-Түрк «Манас» университети Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасынын Өкмөттөрү тарабынан 1995-жылы, 30-сентябрда Измир шаарында кол коюлган «Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк «Манас» университетин ачуу боюнча эл аралык келишимдин» негизинде ачылып, 1997–1998-окуу жылынан тартып, студенттерге билим бере баштаган.

КТМУ сандар менен


12383

Бүтүрүүчүлөр
464

Кызматкерлер
85

Лабораториялар, студиялар
6395

Студенттер