Биохимия лабораториясы Табигый илимдер факультетинин биология бөлүмүнүн түзүмдүк бөлүгү. Бул лаборатория биохимия, физиология жана молекулалык биология тармактарындагы илимий изилдөөлөрдүн приоритеттүү багыттарын өнүктүрүү максатында биология бөлүмүнүн базасында 2010-жылы курулган. Perfect Mindray 400 маркасындагы автоматташтырылган биохимиялык анализатор фотометриялык, кинетикалык, потенциометриялык иштөө принциптерине таянуу менен 1 саат аралыгында 400 даана белоктордун, липиддердин, углеводдордун, аралык заттардын ошондой эле 240 даана электролиттердин көрсөткүчтөрүнүн концентрациясын аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Көрсөткүчтөр биологиялык суюктуктардан кан, кандын тундурмасы, плазма жана заарадан аныкталат. Биомолекулалар жана ар кандай биологиялык объектилер менен иштеп, ар түрдүү изилдөө ыкмаларын өздөштүрүү аркылуу студенттер тиешелүү тармактарда келечектеги кесиптик карьерасы үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүшөт.
Лабораториянын негизги максаты – Биология жана биотехнология билим багыттары боюнча бакалавр (BS), магистратура (MSc) жана докторантура (PhD) программаларында билим алып жаткан магистранттардын жана докторанттардын заманбап лабораториялык изилдөө методдорун өздөштүрүүсүн жана илим-изилдөө иштерин аткаруусун камсыздоо. Ошондой эле компетенттүү, лаборатордук көндүмдөргө ээ биолог адистерин даярдоодо заманбап лабораторияларда иштөө мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу негизги максаттарынын да бири болуп эсептелинет. Биохимия, молекулалык биология, физиология багыттарында фундаменталдык жана колдонмо илимий-изилдөө иштерин аткаруу, бөлүмдүн илимий-тематикалык планына ылайык профессордук-окутуучулук курамынын илимий изилдөөлөрүн ишке ашыруу.
Лабораторияда жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары: