Экомониторинг лабораториясы аянты 79,8 м2 түзөт, жалпысынан 25 студентке орун бар. Биотест ыкмасы менен топурак жана суу үлгүлөрүнүн уулуулугун аныктоо, өнөр жай калдыктарынан табылган микроорганизмдерге контролдук анализ, табигый экосистемалардын абалына үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү сыяктуу изилдөө иштерин жүргүзсө болот. Жабдуулар: Инкубатор Hera safe Laminar, Кургатуучу шкаф ШС-80-01 СПУ, Санариптик тараза Shimadzu TXB622L, Ысыткыч Wise stir MSH-20D, Аба экофлорасын аныктагыч MAS-100 Eco жабдыгы, Мембраналык фильтр Sartorius, Вакуумдук соркыскыч Sartorius, Ионизатор Pbi international, Термостат Heraeus, Микроскоп Nikon Eclipse E 200.