Кыргыз-Түрк Манас Университетинин «Коомчулук менен байланыш жана реклама» бөлүмүнүн курамында, окуу жайыбыздын жетекчилигинин колдоосу менен 2023–2024-окуу жылында Колдонмо Ателье жана Жарнама Агенттиги түзүлдү.
Бул борбор студенттерибизге теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен айкалыштырууга, чыгармачыл долбоорлорду ишке ашырууга жана тармактык байланыштарды түзүүгө шарт түзгөн аянтча катары пландаштырылган. Ошондой эле бөлүмдүн академиялык потенциалын университетибиздин жана тиешелүү мекемелердин коммуникациялык муктаждыктарына жараша колдонуу максатын көздөйт.
Агенттик алкагында аткарылуучу негизги иш-аракеттерге төмөнкүлөр кирет: корпоративдик өздүк стилди түзүү, социалдык медианы башкаруу, таанытуу кампаниялары, иш-чараларды уюштуруу, коомчулук менен байланыш боюнча долбоорлор, креативдүү контенттерди жаратуу жана башка колдонмо багыттагы иштерди ишке ашыруу.
Колдонмо ателье жана жарнама агенттиги — студенттерибиздин тармактык көндүмдөрүн өркүндөтүүнү, команда менен иштөө жөндөмүн өнүктүрүүнү жана окууну аяктагандан кийин эмгек рыногуна даяр, атаандаштыкка жөндөмдүү адистер катары чыгышын көздөйт.