Радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнө караштуу фотостудия Коммуникация факультетинин имаратында C-101 кабинетте жайгашкан. Фотостудия 2005 жылы түптөлгөн жана жалпы 15 000 долларлык техникалык керектүү жабдык менен жабдылган. Фотостудия билим берүүчү максаттарда колдонулат жана студенттер курстук иштери, сабактары, дипломдук долбоорлору алкагында аткарган практикалык иштеринде пайдалана алышат. Мындант тышкары бул жайда фотография боюнча сабактар өтүлөт. Студияга 20 адам батат.