Коом менен байланыш жана реклама бөлүмүнө караштуу Анимация лабораториясы Коммуникация факультетинин имаратынын С-204 бөлмөсүндө жайгашкан. Бул лаборатория анимациялык долбоорлорду ишке ашыруу, студенттерге анимациялык программаларды үйрөтүү, билим берүү максатында түзүлгөн. 22 орундуктуу анимациялык лаборатория анимациялык программалар менен иштей ала турган атайын компьютерлер жана башка керектүү 22 000 доллардык жабдыктар менен жабдылган.