Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Энтомология лабораториясынын максаттары:
Бакалавр жана магистратура студенттеринин практикалык жана илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, маданий өсүмдүктөргө зыян келтирген зыянкеч курт-кумурскалар менен алардын паразитоиддерин жана жырткычтарын аныктоо. Лабораторияда дыйкандардан келген зыянкечтердин үлгүлөрүн изилдөө, аныктоо жана аларга каршы колдонулуучу ыкмаларды иштеп чыгуу, интегралдык зыянкечтерди башкаруу технологияларын өнүктүрүү иштери жүргүзүлөт.

БӨЛҮМҮ: Өсүмдүктөрдү коргоо
Лаборатория жайгашкан жер (имарат – бөлмө номери): Агрардык факультет, B корпусу, 101-бөлмө
Лабораториянын аты: Энтомология лабораториясы
Лабораториянын ачылган жылы: 2017-жыл
Лабораториянын максаты:
Энтомология лабораториясынын максаты – зыянкечтердин бардык фазаларын аныктоо жана жер, өсүмдүк үлгүлөрүнө талдоо жүргүзүү
Лабораториянын түрү (илимий, көмөкчү, окутуу):
Окутуу, илимий изилдөө жана практикалык колдонуу максатында түзүлгөн
Лабораториянын аянты жана сыйымдуулугу (адам саны): 56,46 м² жана 15 адамга ылайыкталган
Учурдагы жабдуулар үчүн сарпталган сумма (сом/доллар): 36 898 АКШ доллары