Кыргызстан-Түркия Манас Университетинин Гербология лабораториясынын максаттары:
Бакалавр жана магистр студенттеринин практикалык жана илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, өсүмдүктөрдүн өнүгүшүнө терс таасир тийгизген кошумча чөптөрдүн түрлөрүн аныктоо жана алар менен күрөшүү ыкмаларын иштеп чыгуу. Ошондой эле, Гербология лабораториясында айыл чарба талааларынан чогултулган кошумча чөптөрдүн гербарийлери даярдалат.
БӨЛҮМ: Өсүмдүктөрдү коргоо
Лабораториянын орношкон жери (Үй-бөлмө №): Айыл чарба факультети, G-блок, 103
Лабораториянын/дүкөнчөнүн аталышы: Гербология лабораториясы
Лабораториянын/дүкөнчөнүн ачылган жылы: 2017
Лабораториянын/дүкөнчөнүн максаты: Кошумча чөптөрдү аныктоо жана алар менен күрөшүү боюнча иштерди жүргүзүү
Лабораториянын түрү (илимий, жардамчы, окуу): Окуу, илимий изилдөө жана практикалык иштер үчүн негизделген
Лабораториянын аянты жана куражаты (адам): 44 м², 15 адамга ылайыкталган
Жабдууларга сарпталган сумма (TL/$): 1365 АКШ доллары