Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Молекулярдык биология жана биотехнология лабораториясында өсүмдүктөрдө ооруларды пайда кылуучу бактериялардын жана козу карындардын ДНКсынын жана нуклеотиддик түзүлүшүнүн изилдөөсү жана филогенетикалык диагностика иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле, энтомопатоген микроорганизмдердин жооптуу гендери изилденет, ксенобиотиктердин биологиялык ажыроо гендери үйрөнүлөт. Зыянкеч организмдердин абиотикалык жана биотикалык факторлорго чыдамдуулугун камсыз кылган генетикалык механизмдер да изилденет. Лаборатория бул изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык жабдуулар менен жабдылган.

БӨЛҮМ: Өсүмдүктөрдү коргоо
Орношкон жери: Айыл чарба факультети, B-блок, 102-бөлмө
Лабораториянын аталышы: Молекулярдык биология жана биотехнология лабораториясы
Негизделген жылы: 2017
Максаты: Өсүмдүктөрдүн ооруларына байланыштуу молекулалык изилдөөлөрдү жүргүзүү
Лабораториянын түрү: Окуу, изилдөө жана практикалык колдонуу үчүн негизделген
Аянты жана куражаты: 37.65 м², 10 адамга ылайыкталган
Жабдууларга сарпталган сумма: 78 503 АКШ доллары