Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Нематология лабораториясынын максаттары:
Бакалавр жана магистр студенттеринин практикалык жана илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирүүчү нематоддордун түрлөрүн аныктоо жана алар менен күрөшүү ыкмаларын иштеп чыгуу. Нематология лабораториясында зыяндуу нематод топторунун диагностикасы, популяциясынын өнүгүшү жана чыдамдуулук сынактары жүргүзүлөт. Ошондой эле, лабораторияда айыл чарба талааларынан алынган топурак үлгүлөрүндөгү нематоддор аныкталып, фауналык изилдөөлөр жүргүзүлөт.
БӨЛҮМ: Өсүмдүктөрдү коргоо
Орношкон жери: Айыл чарба факультети, G-блок, 11-бөлмө
Лабораториянын аталышы: Нематология лабораториясы
Негизделген жылы: 2017
Максаты: Топурактан нематоддорду бөлүп алуу, аныктоо жана алар менен күрөшүү ыкмаларын иштеп чыгуу
Лабораториянын түрү: Окуу, изилдөө жана практикалык колдонуу үчүн негизделген
Аянты жана куражаты: 45.2 м², 20 адамга ылайыкталган
Жабдууларга сарпталган сумма: 2640 АКШ доллары