2026-04-29


“Туруктуу өнүгүүнүн алкагында – билим берүү процессин долбоорлорго STEAM ыкмаларын колдонуу”


2026-жылдын 29-апрелинде саат 14:00дө 221-аудиторияда б.и.к., доцент Гүлнара Шаршеналиева тарабынан “Туруктуу өнүгүүнүн алкагында – билим берүү процессин долбоорлорго STEAM ыкмаларын колдонуу” аттуу семинар өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүүдө STEAM ыкмаларын колдонуу, окуучулардын чыгармачылык жана изилдөө жөндөмдөрүн өнүктүрүү боюнча маанилүү маалыматтар берилди.

Ошондой эле атайын чакырылган конок Тойчубеков Жакшылык Тойчубекович “Биология сабагын өтүүдө колдонулуучу ыкмалар” темасында баяндама жасап, биология сабактарын натыйжалуу өтүүнүн заманбап усулдары менен бөлүштү. Семинарлар катышуучулар үчүн пайдалуу жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзгөн иш-чара болду.