2023-05-17


А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин бүтүрүүчүлѳрү университетибизде


Бүгүн, 17-май күнү факультетибизге профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин бүтүрүүчүлѳрү математика мугалимдери Таштанбекова Гүлзат Макулбековна жана Жуманалиева Гүлнара Ибраимовнанын жетекчилиги астында келишти. Биология, Математика, Колдонмо математика жана информатика бөлүмдөрү менен таанышып, кызыккан суроолоруна жооп ала алышты жана окуу жайыбыздын имаратына саякат жасап, окуу процесси менен таанышышты.