2025-11-25
2025-жылдын 13–15-ноябры аралыгында Косовонун Приштина шаарында VII Эл аралык Түрк дүйнөсүнүн илим жана инженердик конгресси (TURK-COSE 2025) өтүп, ийгиликтүү жыйынтыкталды. Иш-чараны Приштинадагы Бизнес жана технология университети офлайн жана онлайн форматтарда уюштурду. Конгресстин өнөктөштөрүнүн бири катары Кыргыз-Түрк “Манас” университети да активдүү катышты.
Конгресс Косовонун Бизнес жана технология университети, Кыргызстандагы Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Азербайжан техникалык университети, Ахмет Ясави атындагы Казак-Түрк университети жана Түркиянын Нигде Өмер Халисдемир университети сыяктуу билим берүү мекемелеринин кызматташтыгы менен өткөрүлдү.
Быйылкы иш-чарага дүйнөнүн 30 мамлекетинен жалпы 278 илимий баяндама сунушталып, илимпоздор ортосунда идея алмашуу жана кызматташтыкты кеңейтүү үчүн маанилүү аянтча түзүлдү. Кыргыз-Түрк “Манас” университети Түрк дүйнөсүнүн илимий интеграциясын өнүктүрүүгө салым кошуп, эл аралык деңгээлдеги активдүү жана туруктуу академиялык өнөктөш катары өз ордун дагы бир жолу тастыктады.
