2026-04-03
2026-жылдын 1-апрелинде саат 13:30да 221-аудиторияда “Орхун” алмашуу программасынын алкагында Түркия Республикасынын Niğde Ömer Halisdemir университетинин табигый илимдер факультетинин биология бөлүмүнүн профессору Нил Багрыачык катышып, “Жапайы аарылардын уя кагазынын өзгөчөлүктөрү” аттуу семинар өткөрдү.
Семинардын жүрүшүндө жапайы аарылардын биологиялык өзгөчөлүктөрү, алардын уя курууда колдонгон табигый материалдары жана уя кагазынын физикалык-химиялык касиеттери кеңири талкууланды. Ошондой эле бул организмдердин экосистемадагы ролу жана алардын айлана-чөйрө үчүн мааниси тууралуу илимий маалыматтар сунушталды.
Иш–чара студенттердин жана окутуучулардын чоң кызыгуусун жаратып, катышуучулар тарабынан активдүү суроо-жооптор менен коштолду.
Бул семинар эл аралык кызматташууну өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана илимий байланыштарды чыңдоо багытында маанилүү кадам болуп саналат.
.jpg)
