2025-01-27
Колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн ата-энелер чогулушу өткөрүлдү
23-январь күнү саат 16:00 до Колдонмо математика жана информатика бөлүмүндө ата-энелер чогулушу болуп өттү. Жолугушууда ата-энелердин маселелери угулуп, баарлашуу уюштурулду. Ошондой эле көйгөйлөрдү чечүү жолдору жана сунуштар талкууланды. Иш-чарага 40ка жакын ата-эне активдүү катышып, алардын суроолоруна жооп берилди.
Бул чогулуш ата-энелер менен тыгыз байланыш түзүүгө жана окуу процессин жакшыртуу максатында ишке ашырылды.