2026-06-10
2026-жылдын 15-майында Колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн студенттери Кегети капчыгайында ишембилик өткөрүштү. Иш-чаранын алкагында студенттер айлана-чөйрөнү тазалоо иштерин жүргүзүп, таштандыларды чогултуп, жаратылышты коргоого өз салымдарын кошушту.
Мындай иш-чаралар жаштардын жарандык активдүүлүгүн арттырууга, жаратылышты сүйүүгө жана коомдук пайдалуу иштерге катышууга өбөлгө түзөт. Колдонмо математика жана информатика бөлүмү мындан ары да экологиялык жана коомдук демилгелерди колдоону улантат.
