2023-04-13

“КЫРГЫЗСТАНДЫН ШААРЛАРЫНЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫ”


2023-жылдын чын куран айынын 12-синде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Табигый илимдер факультетинин Биология бөлүмүндө “КЫРГЫЗСТАНДЫН ШААРЛАРЫНЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫ” аттуу семинар болуп өттү.

            Семинарга КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Илим-изилдөө институттардын жана ЖОЖдордун өкүлдөрү катышты.

Семинарда төмөнкү докладдар сунулду:

  1. “Кыргызстандын экологиялык көйгөйү болгон – кара түтүн”.
  2. “Бишкек шаарындагы абанын булгануусу жана аны чечүүнүн жолдору”.
  3. “Бишкек шаарынын атмосфералык булгануусунун жашоочулар үчүн генотоксикалык таасирин микроядролук тесттин жардамы менен изилдөө”.

Семинарда талкууга алынган докладдар, учурдагы өтө көйгөйлүү маселелердин бири болгон, Кыргызстандын шаарларын каптаган кара түтүн (смог) тууралуу болду. Бул семинарга магистрлер жана студенттер активдүү катышып, адистер менен бирге аталган көйгөйдүн тегерегинде көптөгөн сунуштар, ойлор, суроо-жооптор талкууга алынды.

            Алардын кээ бирине токтолуп кетсек, мисалы:

  • Бишкек шаарындагы кара түтүндү азайтуу боюнча жүрүп жаткан иш-чаралар боюнча маалымат берилди;
  • Таштандыларды сорттоо жана жоопкерчиликтик мамиле кылуу;
  • Элдин экологиялык сабатын жогорулатуу боюнча студенттер арасында волонтердук топторду уюштуруу;
  • “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралар;
  • Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттик шаарчасында жүргүзүлүп жаткан “Тиккен бир дарагым бар” акциясынын алкагындагы аткарылган иштер, анын ичинде Табигый илимдер факультетинин отургузулган 100 даана дарагы;
  •  Бишкек шаарында илдетке чалдыгып жылдар бою турган эмен дарактарын башка дарактар менен алмаштыруу маселесин карап чыгуу жана башка иш-чаралардын натыйжалуулугу чечмеленди.