2023-05-03

Табигый илимдер факультетинин биология бөлүмүнүн чөйрөнү тазалоо иш-чарасы


Табигый илимдер факультетиндеги биология бөлүмүнүн 2023-жылдын жаз айына пландалган иш-чараларына ылайык, 29-апрель күнү Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунун Кой-Таш айылындагы тажрыйбалык бакчасында «Айлана-чөйрө жана биз» аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарага бөлүмдүн бардык студенттери жана профессордук-окутуучулар курамы катышышты. Иш-чараны табигый илимдер факультетинин деканы, б.и.д., профессор Гүлбүбү Курманбекова ачып, учурдун орчундуу көйгөйлөрүнүн бири болгон экология маселеси тууралуу сөз сүйлөдү. Андан соң биология бөлүмүнүн башчысы, б.и.к., доцент Кадырбай Чекиров ал маселени улай сөз сүйлөп, бүгүнкү иш-чаранын маани-максатын жана күн тартибин баяндады. Иш-чара саат 10:00 – 16:00 чейин улантылды.

Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институту менен КТМУнун биология бөлүмү бир топ жылдардан бери кызматташып келет. Бөлүмдүн бүтүрүүчү студенттери аталган институттун тажрыйбалык станцияларына барышып, өздөрүнүн өндүрүштүк практикаларын өтүп турушат. Илимий жана практикалык кызматташуунун алкагында уюштурулган иш-чара, биология багытындагы түрдүү маселерди талкуулоо, студенттер арасындагы ыр-бий конкурстары менен коштолду. Эң башкысы тажрыйбалык бакчанын ичи жана анын айланасы ар кандай таштандылардан тазаланды. Бөлүмдүн студенттери мындай иш-чаранын жылда өткөрүүнү салтка айлантууну суранышты. Иш-чаранын аягында бакчанын кызматкерлери биология бөлүмүнүн окутуучуларына жана студенттерине терең ыраазычылык билдиришип, келээрки жылы да күтүшөөрүн айтышты.

Табигый илимдер факультетинин биология бөлүмүнүн профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери, иш-чараны өткөрүүдө унаа менен камсыз кылган үчүн университетибиздин жетекчилигин, өзгөчө ректорубуз, Проф. док. Алпаслан Жейлан агайыбызга терең ыраазычылк билдиришет.