2023-05-22

Табигый илимдер факультетинин бөлүмдөрүнүн студенттери арасында “Fen Face” интеллектуалдык оюну уюштурулду


18-Май күнү Табигый илимдер факультетинин бөлүмдөрүнүн студенттери арасында кызыктуу “Fen Face” интеллектуалдык оюну уюштурулуп, командалар Кыргызстан, Чынгыз Айтматов, спорт, макал-лакаптар жана сырлар темасында ар түрдүү кызыктуу суроолорго жооп беришти. Таймашта биринчи орунду Математика бөлүмүнүн даярдоо курсунун "Veni Vini Vici" командасы, экинчи орунду Колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн экинчи курсунун "FENomen" командасы, ал эми үчүнчү орунду Биология бөлүмүнүн үчүнчү курсунун "Girl's team" командасы жеңип алышты.
Бул интеллектуалдык оюн командаларга интеллектуалдык өнүгүүгө дем берүү аянтчасы болуп калды. Ошондой эле командалардын биргелешип иштөө, кыйынчылыктарды жеңүү жана биргелешкен аракеттер аркылуу ийгиликке жетүү жөндөмдүүлүгүн арттырууга салым кошот деп ишенебиз. Жеңүүчүлөрдү куттуктап, ийгиликтерди жаратууда жолунда болуңуздар демекчибиз.