2023-05-29

Орхун алмашуу программасы менен келген мугалимдер Математика бөлүмүндө семинар өтүштү


Математика бөлүмүнүн Орхун программасы боюнча коноктору 2023-жылдын 24-май шаршемби күнү саат 13:30 да PhD, доцент Эрбил Четин тарабынан “Убакыт масштабында анализ жана орун алмаштыруу операторуна карата убакыт масштабындагы динамикалык теңдеменин чыгарылыштарынын жашашы” аттуу жана 15:00 дө PhD, ага окутуучу Элгин Кылыч тарабынан “Graf Teori'de Zedelenebilirlik ve Baskınlık” аттуу семинарлары  MFFB-211  чогулуш залында өткөрүлдү. Семинарга факультеттин академиялык кызматкерлери жана студенттери катышышты. Кызыккан суроолорун беришип, семинар кызуу талкуу менен өттү. Деканыбыз Проф. Др. Гүлбүбү Курманбекова келген конокторубузга университетибиздин белек пакетин тапшырып, жакшы сөздөрүн арнап кетти.