2023-10-06

“Ата Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине зыярат жана тазалоо иштери” аттуу социалдык иш чара


Табигый илимдер факультетинин Биология бөлүмүндө 2023-2024 окуу жылынын күзгү семестринде пландалган иш чараларга ылайык 2023-жылдын 27-сентябрында Биология бөлүмүнүн окутуучуларынын жана студенттеринин (жалпы 70 адам) катышуусу менен “Ата Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине зыярат жана тазалоо иштери” аттуу социалдык иш чара өткөрүлдү.  

Бул социалдык иш чаранын алкагында бөлүмдүн студенттери “Ата Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси” менен кеңири таанышышты.

Мемориалдык комплекстин илимий кызматкери студенттерди музейдин экспонаттары  менен тааныштырып, 1916-жылкы көтөрүлүштүн кесепеттери, азыркы коом үчүн тарыхый эс-тутумдун мааниси жөнүндө жана 1937-жылы сталиндик репрессия учурунда атылган кыргыздын алдыңкы чыгаан адамдарынын сөөгү коюлган Ата-Бейит мемориалдык комплексинин тарыхы жөнүндө, улуу жазуучу Ч.Айтматов жөнүндө айтып берди.

Бөлүмдүн окутуучулары жана студенттери 1916-жылдагы Улуттук боштондук кыймылында курман болгондордун элесине арналып тургузулган эстеликке, 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарына арналган эстеликке, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясында курман болгондордун эстелигине жана залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун эстелигине таазим этүү менен гүл коюшуп, эскерүү дубасы окулду.

«Ата-Бейит» мемориалдык комплексине зыярат кылуу студенттерге Кыргызстандын тарыхынын каргашалуу барактары менен таанышууга, өлкөбүздүн өткөнү менен бүгүнкүсүн козгоп, көз карашын кеңейтүүгө жана ата-бабалардын эрдигине шыктанууга, патриоттук сезимин өнүктүрүүгө шык берди.

Бул социалдык иш чараны ишке ашыруу үчүн “Ата Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине” барып келүү үчүн жетиштүү сандагы  унаа менен камсыздап, шарт түзүп бергендиги үчүн  Табигый илимдер факультетинин биология бөлүмүнүн жалпы жамаатынын атынан университетибиздин жетекчилигине терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.