2023-11-03

“Кыргызстандын жоголуп бара жаткан байлыктары” аттуу сүрөт көргөзмөсү


Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде ак илбирстин эл аралык күнүнө арналган “Кыргызстандын жоголуп бара жаткан байлыктары” аттуу сүрөт көргөзмөсүнө Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин Табигый Илимдер факультетинин окутуучулары жана Биология бөлүмүнүн 3-4 курсунун студенттери катышты. Көргөзмө Кыргызстандын ак илбирсти жана башка сейрек кездешүүчү түрлөрүн сактап калуу көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталып, Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрөнү коргоо программасынын (UNEP-United Nations Environment Programme) колдоосу менен «Илбирс» фонду тарабынан уюштурулган.

Студенттерибиз көргөзмөдө жапайы жаныбарлардын ажайып дүйнөсүнө сүңгүп кирип, алардын кооздугун жана улуулугун уникалдуу фотосүрөттөр жана видеоматериалдар аркылуу көрө алышты. Фотокапкандардан алынган материалдар, адам менен жаратылыштын гармониясын чагылдырган профессионалдуу фотосүрөттөр тартууланган. Көргөзмөнүн алкагында катышуучуларга атайын иш-чаралар, бир канча конкурстар уюштурулуп, өз эмгеги менен жаратылышты коргоого салым кошкон фото жана фото дизайн сынактарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар ыйгарылды. Ал эми адам менен жапайы жаратылыш – ынтымакта жашай ала тургандыгын чагылдырган “Бөрүлөрдүн доору” тасмасы көрсөтүлдү.

Акырында Табигый Илимдер факультетинин Биология бөлүмү менен «Илбирс» коомдук фондунун ортосунда өз ара кызматташуу боюнча макулдашылды.