2023-12-01

Колдонмо математика жана информатика бөлүмү тарабынан Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинде “IT тармагындагы багыттар” аттуу семинар өтүлдү.


2023-жылдын 30-ноябрында Табигый илимдер факультетинин Колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн окутуучулук курамы жана студенттердин жамааты менен биргеликте күзгү семестрде пландалган иш чаралардын алкагында Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинде “IT тармагындагы багыттар” жөнүндө семинар беришти. Семинарда IT тармагындагы багыттар жөнүндө терең маалымат берилип, күнүбүздүн актуалдуу болгон долбоор менеджери, машинаны үйрөтүү инженери, data science адиси, QA тестирлөө адиси сыяктуу кесиптерге токтолушту. Аталган кесиптерге ээ болуу үчүн жасала турган кадамдар жана керектүү инструменттерди өздөштүрүү жөнүндө баалуу кеңештер берилди.
Семинарга катышкан Колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн окутуучуларына жана студенттерибизге терең ыраазычылык билдиребиз.