2023-12-01

'Koш келдин даярдоо курсу" программасы


2023-жылдын 22-ноябрында Табигый илимдер факультетинин даярдоо курсу үчүн “Кош келдиң, даярдоо курсу” аттуу концерттик программа уюштурулду. Факультетибиздин декан орун басары доц., м.а. Абылаева Элла жана студенттердин жамааты менен биргеликте күз семестринде пландалган иш чаралардын алкагында даярдалган программада даярдоо курсунун студенттери Маданият борборуна чакырылып жана аларга жагымдуу маанай тартууланды. Даярдоо курсунун студенттерине Табигый илимдер факультетинин төш белгиси тапшырылды. Программанын жүрүшүндө бөлүм биринчилерин жана факультет биринчисин сыйлоо аземи да орун алды. Колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн биринчиси Сатыбалдиева Альбина, Математика бөлүмүнүн биринчиси Сыдыгалиева Сезим жана Биология бөлүмүнүн биринчиси Эрмекова Нургүл деп табылды. Ал эми факультет биринчиси ардак грамотасы менен Сезим Сыдыгалиева сыйланды. Мыктыларыбызды ийгиликтери менен куттуктап, чоң максаттарды багындыра бергиле демекчибиз.

Жагымдуу иш-чараны уюштурууда жардам берген бардык эже-агайларыбызга, өзгөчө студенттерибизге терең ыраазычылык билдиребиз!