2024-03-12

"КЫРГЫЗСТАНДЫН ФЛОРАСЫНЫН ЖАНА ӨСҮМДҮКТҮҮЛҮГҮНҮН ЗАМАНБАП АБАЛЫ" cеминары


Биология бөлүмүнүн доценти, б.и.к. Назгүл Иманбердиева тарабынан өтүлгөн "КЫРГЫЗСТАНДЫН ФЛОРАСЫНЫН ЖАНА ӨСҮМДҮКТҮҮЛҮГҮНҮН ЗАМАНБАП АБАЛЫ" аттуу семинарына, Кыргыз республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун Флора лабораториясынын ага илимий кызматкери, б.и.к. Мыскал Ганыбаева чакырылып, Кыргызстандын Флорасы боюнча кызыктуу илимий маалыматтарды берди. Семинарда Кыргызстандын флорасынын жаңы табылган түрлөрү, эндемик түрлөр боюнча маалыматтар толукталып, жайыттардын деградацияланышы боюнча учурдагы көйгөйлөрү жөнундө бөлүмдүн студенттери менен бөлүштү.