2024-03-12

Спорттогу ийгиликтер


Университетибиздин факультеттер, институттар жана жогорку окуу мектептеринин студенттеринин арасында өткөрүлгөн XII Спорт оюндарында тогуз коргоол оюнунда факультетибиздин кыздар курама тайпасы Математика бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери Сезим Сыдыгалиева, Эльмира Бектурсунова 2-орунга, ал эми таяк тартышта Биология бөлүмүнүн 1-курсунун студенти Акылай Шайлообаева 2-орунга ээ болушуп медаль жана дипломдор менен сыйланышты. Кыздарыбызды ийгиликтери менен куттуктап, мындан ары да бийиктиктерди багындыра бериштерине тилектешбиз демекчибиз. Табигый илимдер факультетинин жетекчилиги.