2024-03-15

"FM QUIZ" аталышындагы акыл таймашы


Табигый илимдер жана инженердик факультеттеринин студенттери арасында "FM QUIZ" аталышындагы акыл таймашы 14-мартта өткөрүлдү. Акыл таймаш 5 категориядагы ар кандай суроолордон туруп, 24 команда катышышты. Жыйынтыгында факультетибиздин Математика жана Биология бөлүмүнүн студенттеринен турган "Larren" курама командасы 2-орунга ээ болушуп 2000 сом сыйлык алышты. Студенттерибизди чын жүрөктөн куттуктап, ийгиликтеринин уланышын каалайбыз. Иш чаранын калыстар тобуна мүчө болуп дайындалган доц.м.а. Олгун Дурмаз жана Пейил Эсенгул кызы, академиялык адистер Нуржамал Өмүрзакова, Азат Акматбекова агай-эжелерибизге чоң ыраазычылык билдиребиз.