2024-04-25

Тегерек үстөл


2024-жылдын 22-апрелинде Кыргыз-Түрк Манас университетинин табигый илимдер факультетинин биология бөлүмүнүнүн профессордук-окуутучулук курамынын, Малайзия мамлекетинин “Yes global” компаниясынын Азия-Тынч океаны боюнча филиалынын директору Зимс Тиинин жана Кыргыз Республикасынын "Аллиум Ресурс" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору С.Т. Сейитбековдун катышуусу менен тегерек үстөл өткөрүлдү. Бул иш-чарада биология бөлүмүнүн доценти, б.и.к. Назгүл Иманбердиева “Кыргызстандын дары өсүмдүктөрү” жөнүндө маалымат берди. Тегерек үстөлдүн алкагында катышуучулар өлкөбүздөгү дары өсүмдүктөрүн рационалдуу пайдалануу жана биотехнологиялык ыкмаларды колдонуу менен өндүрүу, чет өлкөлөргө сырьё катары гана экспорттобостон, өлкө аймагында да дары өсүмдүктөрүнөн ар кандай биологиялык активдүү заттарды камтыган органикалык продукция өндүрүү жана аларды экспорттоо боюнча мүмкүнчүлүктөр жөнүндө пикир алмашышты.