2024-05-21

Университетибиздин кампусундагы өсүмдүктөрдүн абалы жана өзгөчөлүктөрү боюнча


Факультетибиздин биология бөлүмүндө Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин география, экология жана туризм факультетинин физикалык география кафедрасынын башчысы, г.и.к., доцент Кендирбаева Алмагүл Жумадыловна тарабынан  “Чүй өрөөнүнүн өсүмдүктөрүнүн азыркы абалы” аттуу темада   конок лекция өтүлдү. Лекция эки бөлүктөн туруп, экинчи бөлүгүндө университетибиздин Кампусунун  өсүмдүктүүлүгүнүн абалы жана өзгөчөлүктөрү тууралуу тааныштырылды. Студенттерибиз тарабынан суроолор берилип, кызыктуу талкуу менен коштолду.