2024-05-24

Эл аралык биоартүрдүүлүк күнү


22-май кадимки күндөрдөн айырмаланып биологдор үчүн өзгөчө күндөрдүн бири. Анткени бул күн эл аралык биоартүрдүүлүк күнү деп белгиленген. Ошого байланыштуу Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин табигый илимдер факультетиндеги биология бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери, в.и.к., профессор Нурбек Алдаяровдун жетекчилигинде, биоартүрдүүлүк күнүнө карата иш-чара өткөрүштү. Иш-чарага NABUнун ветеринардык дарыгери, в.и.к., доцент Бактыбек Ажыбеков жана Илбирс коомдук фондунун адиси зоолог-эксперт Глеб Седаш конок катары чакырылган. Салтанат б.и.д., профессор, факультеттин деканы Гүлбүбү Курманбекованын сөзү менен ачылды. Коноктор, жаратылышты жана анын биоартүрдүүлүгүн сактоо жаатында өздөрү иштеп жаткан бейөкмөт уюмдун жана фондун ишмердүүлүгү менен студенттерди тааныштырып, видеоролик көрсөтүштү жана презентация жасашты. Алардын маалыматтары студенттер тарабынан жылуу кабыл алынып, кызыктуу суроо-жооп менен улантылды. Иш-чара жагымдуу ыр жана түрк тилиндеги ырды көркөм окуу менен коштолду. Биоартүрдүүлүк күнүнө арналган иш-чараны уюштургандыктары үчүн 2-курстун студенттерине, келген конокторго ыраазычлык билдирүү менен, бул күндүн мааниси жана андагы биологдордун ролу тууралуу сөз сүйлөгөн биология бөлүмүнүн башчысы, б.и.к., доцент Кадырбай Чекиров салтанатты жыйынтыктады.

Аягында студенттер өз колдору менен даярдаган роза гүлүнүн гербарийин келген конокторго белек кылышып, рахмат айтышты. Өз кезегинде NABUнун өкүлү да алып келген белектерин студенттерге жана бөлүмдүн кызматкерлерине тапшырды. Эстелик үчүн иш-чаранын катышуучулары чогуу сүрөттөргө түшүштү жана ич-ара пикир алмашуулар болду.  Ошентип, биология бөлүмүнүн студенттери жана окутуучулар курамы катышкан салтанат жакшы маанайда жыйынтыкталды.